Айгүл Рыскулова социалдык суроолор боюнча вице-мэрдик кызматтан кетти. Бул тууралуу шаардык кеңештин кезектеги сессиясында маалым болду.
Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында, вице-мэр кечээ кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды.
Белгилей кетсек, Айгүл Рыскулова бүгүн кылган иштери тууралуу отчет бермек.