«Ала-Тоо» жаңы конушундагы № 82 орто мектепте оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эске салсак, аталган мектеп 2015-жылы Казакстандын каражатынын эсебинен салынган.
Бирок, 3 жылдан кийин мектеп оңдоо иштерине муктаж болду. Маалыматка караганда, биринчи кабаттагы № 2 блоктун полу чөгүп кеткен.
Оңдоо маалында полдун астында суу бар экени аныкталды. Учурда калыбына келтирилип, ведомство аралык комиссия иштин сапатын текшерүүгө алды.