21:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөн мелдеште чемпион аталышты

Кыргызстандык бийчилер Орусияда спорттук бал бийи боюнча уюштурулган «Жеңиш вальсы 2018» аттуу мелдеште чемпион аталышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдирди.
 
Маалыматка караганда, мелдеш Москвада өттү. Ага 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Жеңиш үчүн 3 жарым миңден ашуун бийчи ат салышып, кыргызстандык дуэт Дмитрий Блинков менен Асаль Мамбетова «юниорлор-1, латина» категорясы боюнча биринчиликти багындырышты. Алар жалпысынан 6 номинация боюнча сыйлыктарга ээ болушту.
 
Эң көп окулган жаңылыктар