21:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жер аянтын алып берем деп алдап, акча алган партиянын лидери кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери «Жаны мезгил» саясий партиясынын лидери Рита Сулайманованы кармашты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арызы менен бир аял кайрылган. Анда ал «Жаны мезгил» мигранттар, үй куруучулар партиясынын башчысы кассага 24 миң сом салса, ага жер аянтын бөлүп бере тургандыгын белгилеген. Бирок, 2017-жылдын февралынан бери же жерден жок, же акчадан жок калган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Рита Сулайманова камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар