16:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

Чүй облусунда белгисиз айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кетти. Кырсыктын кесепетинен Кашка-Баш айылынын 40 жаштагы А.М. аттуу жараны каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгы 21-майда, түнкү саат 3:00дө катталган. Унаа Бишкек-Күн-Туу жолу менен жүрүп бара жаткан. Кырсыкта алган жаракатынан улам, жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, окуянын чоо-жайын билгендерге жана кокустан күбө болгондорго 0(700) 20-40-03, 0(707) 87-71-63 номуру аркылуу байланышып, маалымат берүүлөрүн суранышат. Анонимдүүлүккө кепилдик бар.

Эң көп окулган жаңылыктар