10:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Сууда жол кырсыгында 8 киши жабыркады

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки унаа кагылышып, 8 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аталган облустун жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан маалымдашты.

Жол кырсыгы 21-майда, саат 13:00дө Ош-Бишкек унаа жолунда катталган. Отуз-Адыр айылынан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Фит» унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 киши жаракат алган, алардын арасында 4 жаштагы бала бар.

Эң көп окулган жаңылыктар