18:07
USD 69.83
EUR 79.82
RUB 1.06

Жол кырсыгында качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте белгисиз айдоочу башка унааны сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, болжол менен саат 20:20да Дэн Сяопин менен Кустанайская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Honda Fit унаасы Дэн Сяопин көчөсү менен Ош базары тарапка бараткан, ал эми белгисиз унаанын айдоочусу Кустанайская көчөсү менен чоң ылдамдыкта келип Honda Fit унаасын сүзүп, качып кеткен. Экинчи унаа соккудан улам жол белгисин кыйратып, бетон тосмосун сүзүп токтогон.

Бишкек жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан «24.kg» агенттигине билдиришкендей, учурда качып кеткен айдоочу изделүүдө. 

                     

Эң көп окулган жаңылыктар