14:31
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Кыргызстанда жашылча жемиш жана тамекинин экспорту кыскарды

Өлкөдөгү ички суроо-талап менен экономикалык активдүүлүктү калыпка келтирүү- негизги соода өнөктөштөрдүн сырткы соода ишмердүүлүгүн активдештирүүгө шыктандырды. Бул тууралуу Улуттук банктын жылдык отчетунда жазылат.

Муну менен катар экспортко кеткен товарларга салыштырмалуу импорттолгон товарлардын олуттуу түрдө өсүшү, соода балансынын дефицитинин 9,8 пайызга көбөйүшүн шарттады.

Товарларды экспорттоо былтыр 14,5 пайызга өскөн. Бул 1,8 млрд. долларды түздү.

«Экспортко кеткен ири булак катары биринчи орунда алтын турат. Ал эми Кыргызстанга чет жерден кийим-кечек, бут кийим, электр агыны, жер-жемиштер, айнек, сыр жана быштак азыктары сыяктуу бир канча товарларды алып кирүү көбөйгөн. Жашылча, лампа, тамеки жана башка категориядагы товарларды экспорттоо азайган», — деп билдиришкен Улуттук банк.

Эң көп окулган жаңылыктар