05:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аксы районунда кайра сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Дейрес айылында сел жүрүп 1 үйдүн ичин, дагы 1 үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Андан тышкары, ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдалануучу бетон-кольцолор менен курулган көпүрөнү бузуп агызып кетти.

«Учурда айыл тургундары 500 метр аралыктан айланма жол аркылуу өтүүдө» — дейт ӨКМ.

Селден 12,41 га айдоо жерлери дагы жабыркады.

Эскерте кетсек, 15-май күнү дагы райондо сел жүрүп Шынаа айылындагы 87 үйдүн короосун каптады.

Эң көп окулган жаңылыктар