12:58
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Калаа башчысы шаар тургунуна сүйүүсүн арнады

Калаа башчысы Албек Ибраимов Биринчи май районунун тургундары менен болгон жолугушууда тамашалап, шаар тургунуна сүйүүсүн арнады.

Тургун мэрге бир нече суроо менен кайрылды.

«Эмне үчүн эс алуучу бакчаларга батуттарды орнотууга уруксат бересиңер? Сиз бул нерсеге көз салып турушуңуз керек да. Андан тышкары Эркиндик бульварындагы кызыл брусчатка албетте, жылтылдап көзгө жакшы көрүнөт, бирок кышында эл тайгаланып жатат. Эгер Германияда брусчатканы ушундай тизе турган болсо, анда жалдануучулар акчаларын албай калмак. Силер абдан начар тизгенсиңер. Шаарда мактана турган эч нерсе жок», — деди ал.

Ибраимов батуттарга уруксат жок экенин айтып, бирок текшерип кеткенден кийин кайра орнотуп алып жаткандыктарын кошумчалады.

«Мен бир нерсени айткым келип жатат. Айрым адамдар жакшы нерсени эч качан көрүшпөйт. Айрымдар кичинекей болсо дагы жакшы нерсени таап чыгышат. Мен жакында эле мэриянын алдында өткөн митингден сиздин сүйлөгөнүңүздү көрдүм. Сиз мага абдан жактыңыз. Эгер мени жактырып калган болсоңуз ачык айтыңыз. Мен сизге сүйүүмдү билдирип жатам», — деп тамашалады мэр.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү