23:49
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Бишкекте дагы бир кумаркана табылды

Бишкекте дагы бир кумаркана табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектинде жайгашкан эки кабат имаратты текшерүүгө алган учурда анда рулет, оюн автоматтары сыяктуу кумарканага тиешелүү жабдыктар табылган.

Андан тышкары оюн-зоок жайын иштетүү үчүн керектүү документтер чыккан. Аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар