11:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Августта Кыргызстанда жаштардын «Жаш-Булак» форум-лагери өтөт

6-12 — августта Кыргызстанда жаштардын «Жаш-Булак» форум-лагери өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Аталган жаштар форму 2016-жылдан бери уюштурулуп келет.

Пархановдун айтымында, учурда донорлорду табуу аракети көрүлүп жатат.

2017-жылы лагерь Кыргызстандын ар аймагында жашаган 600 жаштардын башын бириктирген. Андан тышкары алыскы жана жакында 20 мамлекеттин өкүлдөрү келип катышкан. Иш-чаранын алкагында көрүнүктүү эксперттер, Жогорку Кеңештин төрагасы, Улуттук банктын жетекчиси жана юстиция министри өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн.

Быйыл лагерь Чүйдүн Жарлы—Кайыңды үңкүрүндө өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар