06:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда эркектерге караганда жогорку билимдүү аялдардын саны көп

Кыргызстанда иштеген аялдардын 28 пайызында, ал эми эркектердин 19 пайызында жогорку кесиптик билими бар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Ал эми иш менен камсыз болгон аялдарын 17 пайызында, эркектердин 8 пайызында кесиптик орто билими бар.

2020/2021- окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында кыз-келиндер — 52%, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында — 56% түздү. Кыз-келиндер билим берүү, кеңири керектелчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерден билим алууда кыздардын салттуу басымдуулугу белгиленет.

Ал эми эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Жогорку окуу жайлардагы кесиптик билим берүүнүн багытында окуган студенттерин 86 пайызы кыз-келиндер, гуманитардык илимдер жаатында — 73 пайыз, тейлөө чөйрөсү- 63%, табигый илимдер-60%.

Ал эми архитектура жана курулуш багытындагы студенттердин 82 пайызы эркектер, айыл чарба илимдери −75%, техникалык −69%, юриспруденция — 66%.

Аспирантурада окуган аялдардын үлүшү — 60%, докторантурада — 69% түздү.