Райымбек Матраимов Аравияда жана Улуу Британияда дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн кезектеги соттук отурумда анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.
Соттук отурумда өкмөттүн өкүлү үчүнчү жак катары Саламаттык сактоо министрлигинин жана № 1-клиникалык оорукананын өкүлдөрүн күбө катары чакырууну өтүндү.
Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская, өтүнүч катка каршы чыкты. Ал сотко Райымбек Матраимовдун оорусу тууралуу маалымдаманы көрсөттү. Жактоочу 2017-жылдын ноябрынан тартып Матраимов № 1-клиникалык ооруканада сырттан дарыланганын, 2018-жылдын январынан тартып Сауд Аравиясы менен Англияда дарылануусун улантып жатканын кошумчалады. Сот өкмөттүн өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырды.