08:13
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Депутат башка ири долбоорлорду курууга кеткен каражаттарды текшерүүнү сунуштады

«Бишкек жылуулук электр борборунан башка дагы ири долбоорлордун курулушуна алынган насыя каражаттардын жумшалышын текшерүү зарыл». Мындай пикирин депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Эскерте кетсек, парламент бүгүн дагы ЖЭБде түзүлгөн авариялык абалга байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантууда.

Депутат «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушунда бөлүнгөн каражаттын дагы максаттуу пайдаланганынан күмөн санады.

«Балыкчы  Корумду жолунун 1 чакырымы 850 миӊ долларга курулуп жатса, «Түндүк-Түштүк» автожолуна 2 миллион доллар жумшалууда. Алардын айырмасын карагылачы. Бир катар депутаттар «Датка  Кемин» электр чордонунун курулушу боюнча да маселе көтөрдү. Укук коргоо органдары бул долбоорлордун баарын кылдат текшерип, ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экенин так аныкташы керек», — деди депутат Зиядин Жамалдинов.

Эң көп окулган жаңылыктар