«Ар бир айылда башка дыйкандарга үлгү боло ала турган, жок дегенде бирден квалификациялуу фермер болуусу керек». Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, өлкөнүн айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.
Өкмөт башчы республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде жашагандыктан, ошондой эле алар жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, айыл чарбасы атамекендик экономиканын маанилүү сектору катары саналаарын баса белгиледи.
Өкмөт башчы тармактын көптөгөн маселелери бир нече жылдар бою чечилбей келе жаткандыгын өкүнүү менен белгилеп, айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын ишмердигин сынга алды. Аны менен катар жер-жерлерде калк арасында өз ара аракеттешүү жана түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биз облустардагы адамдардын жөнөкөй маселелерин чечүүбүз жана алдыга ишке аша турган милдеттерди коюшубуз керек. Ар бир айылда башка дыйкандарга үлгү боло ала турган, жок дегенде бирден квалификациялуу фермер болуусу керек», — деди ал.
Премьер-министрдин айтымында, эл Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин ишинин натыйжалуу жыйынтыгын көрбөй жатат.
«Министрлик айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуусу кажет. Ар дайым эле көйгөйдүн чечилиши акча каражатына барып такалбайт. Мамлекеттик органдардын ишин ирээтке келтирип, бул багыттагы айрым функцияларды ажыратуу зарыл», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.