06:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Кумтөр» ишканасы 2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгын чыгарды

Centerra Gold Inc жана «Кумтөр» ишканасы 2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ишкананын байланыш бөлүмү билдирет.

Өндүрүш

2018-жылдын биринчи кварталында 100 миң 220 унций алтын өндүрүлдү. Өткөн жылы бул мезгиледе 127 миң 400 унцийге алынган.

Ишкананын маалыматында, өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы чийки затты ташып келүүгө байланыштуу. 2017-жылы № 17 тилкеден ташылса, быйыл Сарытор аймагындагы кен иштетилүүдө.

Үч айда 116 миң 919 унций, же 3,64 тонна алтын сатылды. Жалпы киреше 153 миллион долларды түздү.

Операциялык чыгымдар

Операциялык чыгымдар 2018-жылдын биринчи кварталында 10,6 миллион долларга кыскартылып, 71,3 миллион долларды түздү. Белгилей кетсек, өткөн жылы бул көрсөткүч 81,9 миллион доллар болгон.

2018-жылдын биринчи кварталында тоо иштерине 51,1 миллион доллар жумшалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 миллион долларга көп. Дизель майына жана АКШ валютасынын наркынын өсүшүнө байланыштуу чыгымдар көбөйду.

Кайра иштетүүгө чыгымдар

Фабрикалык кайра иштетүүгө чыгымдар 15,5 миллион долларды түздү. Өткөн жылы бул мезгилде 15,4 миллион доллар кайра иштетүүгө жумшалган.

Кенге 12, 9 миллион доллар сарпталды (2017-жылы 10,7 миллион доллар).

КРнын бюджетине төлөмдөр

2018-жылдын үч айында Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө төлөмдөр, Социалды фондго которуулар 1,97 миллиард сом болду.

2018-жылга божомол

Кумтөрдө өндүрүш көлөмү 2018-жылы 450-500 миң унцийди, же 14,15-15,55 тонна алтынды түзөт. Жалпы капиталдык чыгымдар 63 миллион долларга божомолдонууда.

Кененирек бул жерде.

Эң көп окулган жаңылыктар