06:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Араванда сел короо-жайларды каптады

Ош облусунун Араван районунда сел короо-жайларды каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү Ош облусунун Араван районунун Али Анаров айыл аймагына караштуу Маданият айылында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, суу турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Учурда куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар жеринде иш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар