08:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Зыяратчыларга облус борборлорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу эмдөө жүргүзүшөт

Ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга облус борборлорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу эмдөө жүргүзүшөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Республикалык иммундаштыруу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөө 18-июлдан 29-июлга чейин жүргүзүлөт.

«Зыяратчыларды 16 медицина кызматкери коштоп жүрөт. Алар сынактын негизинде тандалып алынышкан. Алардын курамын эпидемиолог, терапевт, акушер-гинеколог, хирург, кардиологдор түзөт», — деп белгиледи ал.

Эске салсак, Меккеге зыяратчылардын биринчи тобу 25-июлда жөнөп кетишмекчи

Эң көп окулган жаңылыктар