18:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди. Анда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран жана Түркиянын демилгеси менен башталган сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы өтүүдө.

«Бүгүн эртең менен Астанага Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 24 киши. Делегациянын башында Ахмад Тома турат» деди Жайнаков.

Анын айтымында, пленардык жыйын бүгүн күндүн экинчи жарымында өтөт. Жайнаков кечээ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр АКШ өкүлдөрүнүн катышуусусуз өтүп жатканын билдирген. Кошмо Штаттар буга чейинки жолугушууларга делегациясын дайыма жөнөтүп келген.

14-майда Орусия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Москва дале болсо Вашингтон сүйлөшүүлөргө катышат деп үмүттөнүп жатканын билдирген.

Сирияда Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн колдойт. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо. 2011-жылы мартта согуш башталгандан бери Сирияда 330 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адам качкынга айланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума