18:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сириядагы согушка катыштыгы бар делген шектүүнүн үйүнөн курал-жарактар табылды

Сириядагы согуш аракеттерине катыштыгы бар делген жарандын үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББден билдиришти.

Маалыматка таянсак, милицияга Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну өзүнүн үйүндө курал-жарак сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат берилген. Шектүүнүн 2014-жылы Орусияга, андан ары Түркия аркылуу Сирияга чыгып кеткени аныкталды. Ал «Катибат аль Имам аль-Бухари» террордук уюмуна кошулганы айтылууда.

«2015-жылы шектүүнүн аркасынан Сирияга үй-бүлөсү (атасы, апасы, эжеси, жээни, өздүктөрү аныкталган) Түркия аркылуу чыгып кетишип, алардын согуш лагеринде жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, тиешелүү кызматтардын жана калыстардын катышуусунда шектүүнүн жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлгөн. Анда үйүнүн чатырынан самандын астынан кызыл түстөгү полиэтилен пакетке оролгон ок атуучу куралга таандык эки даана магазини 12 даана огу менен жана маркировка белгилери өчүрүлгөн белгисиз ок атуучу курал (тапанча), глушители менен табылды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар