Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Ак-Кыя» бекетинен Кыргызстан жараны эжесинин паспорту менен өтүүгө аракет кылган.
Текшерүү учурунда, чек арачылар сүрөттөгү айырмачылыкты байкашкан. 1990- жылы туулган Э.А. аттуу кызды суракка алган учурда, ал эжесинин паспортун көрсөткөнүн айткан.
Тиешелүү документтер толтурулган соң жаран ИИМ кызматкерлеринин колуна тапшырылды.