22:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Сулайман-Тоонун» кызматкерлери желекти замбил катары колдонду

«Сулайман-Тоонун» кызматкерлери желекти курулуш материалдарын ташыган замбил катары колдонду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 25-сентябрында «Сулайман-Тоо» музейинде ремонт жүргүзүлгөн. Музейдин Менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы тууну алып чыгып, аны менен эмеректерди жаап, курулуш материалдарын ташуу үчүн колдонгон.

«Маданият министрлиги Ош облустук башкармалыгына кат жолдоду. Учурда кылмыш иши козголуп, фото жана видео экспертиза дайындалды», — дейт ИИБ.

Эң көп окулган жаңылыктар