02:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Премьер-министрди коштоп бара жаткан эки жол тандабас кырсыкка кабылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди коштоп бара жаткан эки жол тандабас кырсыкка кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Алардын айтымында, 7-май күнү өкмөт башчынын түштүк аймагына иш сапары учурунда «Тойота Лэнд Крузер 200» жана «Лексус LX570» ууналары Өзгөн районунда бет маңдай келе жаткан унаа менен кагышып кетти.

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ алгач «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылышына жана № 6- орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Андан кийин Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Эң көп окулган жаңылыктар