Бишкекте 6 жашар кыз трансформатордун будкасына кирип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия боюнча улуттук илимий изилдөө борборунун Күйүктөр бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, кызды ток уруп, катуу күйүп калган. Учурда анын абалы туруктуу жана колу кесилиши ыктымал.
«Колун сактап калууга мүмкүнбү же жокпу азырынча белгисиз», — дейт дарыгерлер.