02:12
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жээнбеков Ысык-Көлгө аяр мамиле кылып, экологияны сактоого чакырды

«Ысык-Көл  бул бизнес же акча табуунун гана объектиси эмес. Эң оболу ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек». Мындай пикирди мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Ал жарандык активисттер жана волонтёрлор Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо иштерине активдүү катышып жатканын белгиледи.

«Мен Ысык-Көлүбүзгө аяр мамиле жасоого, экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга баарыңыздарды чакырып кетет элем. Ооба, туризм тармагында жергиликтүү эл нанын таап, оокатын кылып жатат. Бирок Ысык-Көл эң оболу бизнес же акча табуунун объектиси эмес. Ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети экенин унутпашыбыз керек! Ошондуктан, эң биринчи кезекте жергиликтүү эл, андан кийин туристтер бардыгыбыз Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кайдыгер карабай, аны сактоого болгон күч-аракетибизди жумшообуз шарт», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Муну менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков туризмди өнүктүрүү тармагында инфраструктураны өнүктүрүүнүн, жолдорду куруунун, сервис жана тейлөөнү жакшыртуунун маанисин дагы белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар