10:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дарыялардын деңгээли көтөрүлүүдө. Кара-Сууда он, Караколдо үч үйдү суу каптады

Кара-Суу районунда «Коңурат» каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо жайларын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында «Коңурат» каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо жайларын каптаган, анын ичинен 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 4 ажатканага суу кирип, анын кесепетинен 2 ажаткана кулап түшкөн.

Каракол шаарында тазаланбай калган каналдан суу ашып, үч үйдүн короосуна кирди.

Буга чейин Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Өзгөн районунда Баш-Дөбө айыл аймагын суу каптоо коркунучу жаралган.

Эң көп окулган жаңылыктар