05:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады

Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баш-Дөбө айыл аймагында Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 гектар үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 гектар жерин азыркы учурда суу каптаган.

Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар