00:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ошто жөө адамды койдуруп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ошто жөө адамды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуяга шектүү катары 2000-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалган. Ал «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жөө адамды койдурган. Жаран унаасын шаардык ЖЭБдин алдына токтотуп коюп, өзү качып кеткен. Учурда камакка алынып, сурак берип жатат.

Каза болгон жарандын өздүгү тактала элек.

Эскерте кетсек, 3-мартта болжол менен саат 23:00 чамасында Оштун Масалиев проспектинен белгисиз айдоочу жөө адамды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен. Аны менен удаалаш катуу ылдамдыкта келе жаткан экинчи унаа жөө адамды бир нече метр жерге чейин сүйрөп барган. Алган жаратынан улам киши окуя катталган жерде каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар