04:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суроо-жооп. Курамында спирт ичимдиктери кошулган момпосуйларды жесе болобу?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Курамында спирт ичимдиктери кошулган момпосуй, шоколаддарды жесе болобу?

Жооп: Ислам дини спирт кошулган азык-заттарды колдонууга тыюу салат. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам): «Адамды мас кылуучу нерсенин бир тамчысы дагы арам», — деп айткан.

Андан тышкары, көптөгөн хадис, аяттарда дагы алкоголдук ичимдиктерге тыюу салууларды жолуктурса болот. Ичимдик адам баласына зыян келтирүүчү кооптуу зат катары эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар