03:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкек тургуну 75 миң сомго чачын кырктырды

Бишкек тургуну 75 миң сомго чачын кырктырды. Бул тууралуу маалыматты блоггер Майкл Бекмамбетов жазып чыкты.

Чек социалдык түйүндөргө жайгаштырылган, анда кардар Бишкектеги барбершоптордун бириндеги баасы 75 миң сом турган «Король Black Сакал» кызматынан колдонгону маалым болгон.

Аталган VIP салон чач кыркуудан башкар дагы, массаж, маникюр, педикюр, бетке маска жабуу, парафинотерапия сыяктуу кызматтарды көрсөтөт.

«Андан тышкары кардарга премиум-класстагы унаа айдоочусу, ошондой эле шаардын мыкты ресторандарынын официанттарынын бири жеке кызмат көрсөттү»  дейт Майкл Бекмамбетов.

Барбершоптор Бишкекте ачылганына аз гана болду. Ал кадимки сулуулук салондоруна окшобойт. Ал жерден эркектер ичимдик ичип, чылым чегип эс алуу менен өздөрүнүн сулуулугуна кам көрө алат.

Эң көп окулган жаңылыктар