Студенттерди «Форумдун» алдында өткөн митингге айдаган жетекчилер дагы эле жазалана элек. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасы билдирет.
17-март күнү «Форумдун» алдында өткөн митинге Бишкектеги университеттердин студенттери Билим берүү министрлигинин буйругу менен жөнөтүлгөнүн маалым болгон. Министрлик ар бир универститеттен кеминде 70 студентту митингге жөнөтүү жөнүндө буйругу социалдык тармакта жарыяланган. Укук коргоочулар министрликтин бул кадамына юридикалык баа берүү сунушу менен сотко кайрылышкан.
Биринчи май райондук соту 6-апрелде мыйзамды бузгандарды жоопко тартуу чечимин чыгарган.
«Адилет» укуктук клиникасы 17-мартта өткөн митинг саясый өңүттөгү иш-чара болгондугун жана ага студенттердин мажбурлооого мыйзам жол бербестигин белгилейт.
Эскерте кетсек, аталган митинг Аксы окуясынын жылдыгына арналып, «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук уюму тарабынан уюштурулган.