20:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаев тарапташтары президенттин отставкасын талап кылышууда

«Форум» имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Ага Алмазбек Атамбаев дагы катышууда.

Митинг «Соке болбой калды», «Эски «элита» кетсин!», «Жаңы элдик лидер келсин!» ураан астында өтүүдө.

Катышуучулардын алдына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова чыгып сүйлөдү.

Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин оппозициянын лидери катары көрсөттү.

«Биз өлкөнү укуктук талаага алып келебиз. Бүгүнкү кландык башкарууга каршы турабыз», — деди ал.

Асел Кодуранова Атамбаевдин тарыхтагы эмгегин баалады.

«Атамбаевдин эмгегин жарымыбыз түшүнүп, жарымыбыз түшүнбөй жатабыз. Аны түшүнөбүз убагы келгенде. Атамбаевдей президент келсе жакшы, келбесе шорубуз. Бүгүн Алмазбек Атамбаевди эл душманы кылып салышты. Бул туура эмес деди», — деди парламенттин депутаты.

Эң көп окулган жаңылыктар