08:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевдин тарапташтары бийликке эки ай убакыт берди

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары алардын талаптарын аткарууга бийликке эки ай убакыт берди.

«Форум» имаратынын алдында өткөн митингде резолюция кабыл алынды.

Анда парламент менен өкмөттүн отставкасы талап кылынды.

Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, элдик өкмөттү дайындоо сунушталды.

Бул талаптар аткарылбаса, Атамбаевдин тарапташтары Сооронбай Жээнбековдун отставкасы үчүн чыгып башташат.

Уюштуруучулар чогулгандарды провокацияга алдырбай, тынч таркап кетүүгө чакырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар