«Талибан» кыймылы ооган-тажик чек арасындагы 29 машыктыруучу базасына 7 миң жоочусун жайгаштырды. Бул тууралуу Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлеринин колбашчысы Раджабали Рахмонали билдирди.
Анын айтымында, «Талибан» кыймылынын 6 миң 825 жоочусу Ооганстандын түштүгүнөн түндүгүнө көчүрүлгөн, алар азыр Балх, Кундуз, Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы 29 машыктыруучу базада жайгашышкан. Раджабали Рахмонали жоочулардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары экенин кошумчалады.
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырым. Түштүк бөлүгүндө куралдуу топтор чогулуп, Душанбени биртоп кабатыр кылып келет. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2017-жылы 30-ноябрда Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун сессиясында өнөктөштөрүн тажик-ооган чек араларын бекемдөөгө жардам берүүгө үндөгөн.
Чек ара аскерлеринин колбашчысы Раджабали Рахмоналинин билдиришинче, 15 жылда ВОМСА программасынын алкагында Тажикстандын Ооганстан менен чек арасын бекемдөөгө 43 миллион евро бөлүнгөн.