USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Жаш дарыгерлер тобу Нарын элин акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрөт

09:16, 02 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Жаш дарыгерлер тобу Нарын элин акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу облустук ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Нарын облустук ооруканасында 79 дарыгер эмгектенет. Бирок аймакка дагы 50 дарыгер жетишпейт.

«Бир жыл мурун жаш дарыгерлер тобу түзүлгөн. Алар жыл сайын жергиликтүү тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп турат. Учурда жаш адистерди ишке тартуу үчүн аракет жасап жатабыз. Өткөн жылы «Жылдын мыкты дарыгери» сынагын өткөрүп, жеңүүчүлөрдү аныктаганбыз. Учурда жаш дарыгерлер келе баштады. Бирок бары бир кадрлар жетишпейт. Биздин башкы максат- бейтаптардын ден-соолугуна кам көрүү. Тилекке каршы көпчүлүк жарандар оорусу өтүшүп кеткенден кийин кайрылып жатышат. Мындай мамиле бизди тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан айылдарды кыдырып, акысыз медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз», -дейт башкы кардиолог Курманжан Шакирова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика