17:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн сценарийине сынак жарыялады

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн сценарийине конкурс жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жакшылыкты белгилөөнүн жаңы үлгүсүн иштеп чыгуу сынагы тойлорду жөнөкөйлөштүрүп жана ысырапчылыкка бөгөт коюу максатында жарыяланды.

Сынакта жеңип чыккан авторлор Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан эки жүз миң сом менен сыйланат. Ал эми биринчи орун үчүн жүз миң сом, экинчи орун үчүн жетимиш миң сом жана үчүнчү орун үчүн отуз миң сом байге берилет.

Сынакта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан тандалып алынган ар тармактын адистери калыстык кылат.

Бардык каалоочулар Бишкек шаары, Пушкин көчөсү дарегине кайрылып толук маалымат алса болот. Ал эми электрондук дарек: iskusstvo_art@mail.ru, байланыш телефондору (0312) 621194, 623497. Кабыл алуу 2018-жылдын 1-майынан 15-сентябры, саат 12:00гө чейин жүргүзүлөт.

Сынактын тартиби:

· Сынакка каалоочулардын бардыгы катыша алат
· Сценарийлер мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат
· Сценарийлерде үйлөнүү үлпөтүн, маарекелерди, тушоо
кесүү, сүннөт тойлорду өткөрүүнүн жаңы жол-жоболору
камтылууга тийиш
· Конкурска жиберилген сценарийлер «Той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн сценарийине конкурсуна» деп белгиленип, Маданият,
маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты,
искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү
башкармалыгына жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар