00:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Үч айда Бишкекте 152 киши жоголуп, 43 киши өз жанын өзү кыйган

Үч ай аралыгында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 152 киши каттоого алынган. Бул тууралуу маалымат жыйында мекеменин башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын 59у балдар.

«Бардык дайынсыз жоголгондор, анын ичинде балдар табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди», — деди Сталбек Рахманов.

Ошондой эле ал, жыл башынан бери Бишкекте 2 миң 768 кылмыш иши козголуп, алардын ичинен 1 миң 384 кылмыштын бети ачылганын маалымдады.

«Бул убакыт аралыгында 141 оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери катталды. Алардын 31нин бети ачылды. 11 кылмыш иши киши өлтүрүү боюнча, 18 кылмыш иши зордуктоо фактысы боюнча катталды», — деди Сталбек Рахманов.

Ал эми шаардык ИИБнын Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы Сыймык Жакыпов үч ай аралыгында өз жанын өзү кыйгандардын саны 43кө жеткенин кошумчалады.

«Суицид жаштар арасында көп катталууда. Учурда калкка, айрыкча мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — дейт Сыймык Жакыпов.

Эң көп окулган жаңылыктар