08:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Оштогу 150 орундуу оорукананын курулушу убагында бүтөт

Оштогу 150 орундуу оорукана июль айында ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдайт.

2017-жылдын август айында башталган курулуштун учурда 95 пайызы бүткөрүлдү.

Айта кетсек, курулуш иштерине 1 млрд. 800 млн. сом акча каражаты жумшалат. Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот.

Эң көп окулган жаңылыктар