Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24- апрелде болжол менен саат 13:05 чамасында Чоң-Арык айылынын 1976-жылы туулган М. К. аттуу тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.
Аны куткаруу үчүн № 97- куткаруу отряды тартылып, бирок жарандын жанын сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Суудан алып чыккан жансыз денени куткаруучулар милиция кызматына өткөрүп беришти.