03:02
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Нарындын окуучулары Москвада өткөн эл аралык олимпиада байгелүү орунду ээлешти

Нарындын В.Чкалов атындагы орто мектебинин эки окуучусу Москвада өткөн XX эл аралык «ИнтеллекТ» олимпиадасында байгелүү орунду ээлешти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бешинчи класстын окуучусу Дарина Шарипова 5-6-класстын окуучулары арасында биринчиликти багындырды. Ал эми тогузунчу класстын окуучусу Айжамал Тиленбаева III орунду ээледи.

Олимпиадага дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен 300 окуучу катышкан. Ага катышуу үчүн экинчи класстан тартып он биринчи класска чейин Канада, Мальта, Түштүк Корея, Кытай, Латвия, Литва, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстан мамлекеттеринин мектеп окуучулары келген. Алар орус, англис тилдери, математика, химия, физика, биология, география, тарых сабактары жана музыка, хореография, сүрөт, дене-тарбия боюнча күч сынашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби