16:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду

Кыргызстан боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта кардарлардын 15 пайызы «акылдуу» электр эсептегичтер менен камсыз болгон.

«Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», — деди ал.

Депутат Улан Примовдун пикиринде, буга чейин сатылып алынган электр эсептегичтер ар түрдүү, баасы дагы ар кандай, сапаты начар болгондуктан, башаламандык өкүм сүрүп келген.

Ошондуктан, аларды бирдей стандартка өткөрүү зарыл. Ал өлкө аймагы индукциялык электр эсептегичтери качан толук жабдылып бүтөрүнө кызыкты.

Баяндамачы өткөн жылы Улуттук энергохолдинг «акылдуу» эсептегичтердин бирдей стандартын бекиткенин, азыр ошол талап сакталып жатканын билдирди.

Азырынча каражат тартыш болгондуктан, адегенде эски, техникалык жоготуулар жогору болгон жерлерде алмаштырылып жатканын, бара-бара башка кардарлар да жабдыла баштай турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума