13:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жалал-Абадда кошумча отургучтар жана таштанды челектери орнотулууда

Жалал-Абад шаарынын эс алуу аянттарына, аллеяларга кошумча отургучтар жана таштанды челектери орнотулууда. Бул тууралуу шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен билдиришти.

Маалыматта билдирилгендей, шаардын эл көп каттаган борбордук Эркиндик аянтында жана бир катар аллеяларда шаардыктардын жакшы эс алышы үчүн кошумча ыңгайлуулуктар жаралууда.

«Биздин департамент аркылуу шаарда кооздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу чаралары жүрүп жатат. Бул максатта шаар бюджетинен 400 миң сом акча каражаты каралган. Тендер жарыялап, аны «Залкар энергострой» жоопкерчилиги чектелген коому өзүнүн 279 миң 800 сомдук долбоору менен утуп алган. Азыр эс алуу жайларында отургучтарды жана урналарды орнотуу иштери жүрүүдө», — дейт шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин инженери Рашид Назаралиев.

Андан тышкары Жалал-Абад шаарынын негизги Пушкин жана Чехов көчөлөрүн кеңейтүү, калкты суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо, газ түтүктөрүн жаткыруу иштери да жүрүп жатат. Быйылкы инфраструктуралык кайра куруу иштерине шаар бюджетинен 175 миллион сомдон ашуун каражат каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар