25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алардын маалыматында, 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар жаашы ыктымал.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10...15°, тоо этектеринде 8...13° жылуу болот.
26-апрелде жаан болот. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8...13°, тоолуу райондордо 2...7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0...-5°га төмөндөйт.