07:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркмөнстан ТАПИ газ түтүгүн куруу үчүн Өзбекстандан жардам сурайт

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ТАПИ (Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия) газ түтүгүн курууга моралдык жана материалдык жактан жардам берүү өтүнүчү менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевге кайрылат. Бул тууралуу Түркмөнстандын өкмөтү кабарлады.

Гурбангулы Бердымухамедов жакында Өзбекстанга сапар менен барууга даярданып жатат. Президент башында турган түркмөн делегациясынын курамына өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер жана маданият кызматкерлери кире турганы айтылууда.

Маалыматка караганда, Бердымухамедов эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзбекстандык кесиптешинин ТАПИ долбоорун колдоосун өтүнүп, анын курулушу үчүн насыя сурайт.

26-февралда «Интерфакс» агенттиги Бердымухамедов ушундай эле өтүнүч менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылганын кабарлаган. Бирок анда Путин бул сыяктуу долбоорлор шек туудураарын айтып, анын ишке ашуусу канчалык деңгээлде мүмкүн экенин карап көрүү зарыл экенин белгилеген.

Февралдын ортосунда Түркмөнстандын мамлекеттик агенттиктери Бердымухамедов ТАПИ долбооруна түркиялык компанияларды тартуу боюнча кеңешмелерди өткөрүп жатканын жазышкан.

Газ куурунун курулушуна кетчү чыгымдын 85 пайызын Түркмөнстан өзүнө алган.

Эң көп окулган жаңылыктар