00:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Укук коргоочу мурдагы президенттердин кол тийбестигин алып салуу арызын берди

«Прецедент» юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага экс-президенттердин кол тийбестик укугун алууну талап кылган арыз берди. Бул тууралуу ал маалымдоо каражаттарына билдирди.

Юрист соттон «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамындагы экс-президенттин кол тийбестик иммунитети Баш мыйзамга каршы келет деп таанышын талап кылат. Анын пикиринде, мыйзамга ылайык «экс-президент мамлекетти башкарып турган учурда жасаган иштерине да, президенттиктен кеткенден кийин өмүрү өткөнчө жасаган иштерине да жооп бербейт» деп каралып калганы туура эмес.

Токтакуновдун айтымында, кол тийбестик саясий куугунтуктар үчүн гана укуктук иммунитет болушу керек, бирок ал кайсы бир кылмыштарды жасоого коргоочу (индульгения) милдетти аткарууга тийиш эмес.

Нурбек Токтакунов экс-президенттердин кол тийбестик укугун алуу маселеси мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кийинки убакта саясий күрөшкө кайра чыга баштаганы үчүн актуалдуу болуп жатканын айтууда.

«Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага мурдагы президенттер Курманбек Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзамга ылайык, экс-президенттерде бир катар жеңилдиктерден сырткары кол тийбестик укугу бар. Башкача айтканда алар президент болуп иштеп турган учурда жана иштен кеткенден кийин жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Мындай укуктарга экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ. Ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге кылмыш жоопкерчилигине байланыштуу мындай статус берилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума