03:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Токтакунов телефондон болгон коркутуулар фактысы боюнча милицияга кайрылат

«Прецедент» өнөктөш тобунун башчысы жана юристи Нурбек Токтакунов телефондон болгон коркутуулар фактысы боюнча милицияга кайрылат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, коркутуулар өзүнө гана эмес, #REакция 2.0 митингинин уюштуруучуларына дагы болууда.

«Мен баарын жалпылап арыз берем. Буга карата чара көрүшсүн», — дейт юрист.

Эске салсак, #REакция 2.0 митинги сөз эркиндигин колдоо максатында өттү.

Нурбек Токтакунов буга чейин Башкы прокуратурага Райымбек Матраимовдун расмий кирешесинен ашып түшкөн ири байлыктары тууралуу фактылар боюнча арыз менен кайрылганын айткан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар