16:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аба-ырайы. Жаан- чачын күтүлөт

20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт.

17-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;

Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 16...18 градуска чейин жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар