2018-жылдын январь-февраль айларында мигранттар Кыргызстанга 307,6 миллион доллар которгон. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, февралда мигранттар өлкөгө 161,7 миллион доллар салышкан. Бул январга салыштырмалуу 15,8 миллион долларга көп. Бирок 2017-жылдын декабрына салыштырмалуу которуулар 32,6 миллион долларга төмөн болгон.