14:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Орусияда мигранттар дуушар болгон кыйынчылыктар. Талдоочулардын пикири

Евразиялык аналитикалык клуб «Орусиядагы эмгек мигранттарына каршы кылмыштар» деген аталыштагы доклад даярдаган. Анда мигранттар дуушар болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтылат.

«Бул тема көп учурда терс багытта козголуп келет. Биз чыныгы абалды анализдеп көрүүгө аракет жасадык. Албетте, кылмыштуулуктан кача албайбыз. Бирок Орусиядагы чет өлкөлүктөргө каршы кылмыш азайып калды», — дейт борбордун жетекчиси Никита Мендкович.

2017 —жылы Орусияда чет өлкөлүктөргө каршы 14 миң кылмыш иши жасалса, 41 миң кылмышты чет өлкө жарандары жасаган.

«Скинхеддер Орусияга келгендерди коркутуучу негизги кылмыштуу топ. Аны активдүү пайдаланышат. 2017-жылы мындай өңүттөгү 27 кылмыш иши катталган. Ошондой болсо дагы Орусиянын улуттар аралык бөлүнүүгө каршы бир катар мыйзамдары бар», — деди ал.

Орусиядагы мигранттардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан жана Тажикстан жарандары болгондуктан, докладга алар тууралуу маалымат киргизилген.

«Расмий маалыматтарга ылайык акыркы жылдары Кыргызстандан барган мигранттар арасында криминалдык топтордун колунан каза болгондор катталган эмес», — деди Никита Мендкович.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби